Бүгүн Бишкекте Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында ЖЕЭК жыйыны өтөт

Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Жыйынга өлкө президенти Садыр Жапаров төрагалык кылат.

Отурум 12:00дө башталып, УТРК, республикалык, облустук каналдардын эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

Ал эми Александр Лукашенко менен Владимир Путин Бишкекке учуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан