Москва шаарында мекендештеринен опузалап акча талап кылган кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү мекендештерин коркутуп-үркүтүү жана опузалап акча талап кылуу менен алектенип, Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында жеке ишкерлик менен алектенген жарандардын үстүнөн көзөмөлдү жүргүзүүгө аракет кылышкан.
Шектүүлөрдүн бирөөсү “Мырза” каймана аты менен белгилүү болгон Ош облусунун 1986-жылы туулган Т.уулу М аттуу тургуну. Ал аты-жөнүн 3 жолу өзгөрткөн. Экинчиси “Роха” каймана атын алып жүргөн Чүй облусунун 1998-жылы ттуулган Х.Р. аттуу жашоочусу экени белгилүү болду.
Бул факты боюнча кармалган жарандарга карата бир нече беренелердин негизинде кылмыш иши козголду.
Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан кармалгандардын мурда жасалган оор кылмыштарга катыштыгы бар экендигин тактоо, ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
"Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Кыргызстандын жарандары ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө +7 926 890-87-00 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз. Купуялуулукка кепилдик берилет", - деп айтылат маалыматта.