
Бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарында өтүп жаткан Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу калаадагы мектептерде окуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында 9-10-декабрда онлайн окууга өткөрүү чечими кабыл алынган.
Ошондой эле бул күндөрү жолдор жабылып, коомдук транспорттордун каттоосуна чектөө киргизилери кошумчаланды.