Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны башталды.
Анда алгач Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жыйынды ачты.
Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевди куттуктап, жыйындын калган бөлүгү чакан форматта өтөрүн айтты.
Маалымдалгандай, жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралмакчы.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.
ЖЕЭК жыйынын 230 жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү чагылдырууда.