Владимир Путин Бишкекте Никол Пашинян менен жолугушту

Бишкекте Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Путин жакында эле ЖККУнун Еревандагы саммитинде Пашинян менен жолукканын, анын ою боюнча саммит ийгиликтүү болгонун айтты. Өз кезегинде Пашинян Тоолуу Карабах боюнча маселени көтөргөн.

"Өлкөбүздө кырдаал курч бойдон калууда. Тоолуу Карабах боюнча жөнгө салуу биздин чөлкөмдөгү негизги маселе бойдон калууда. Тилекке каршы, биз Тоолуу Карабахта, орусиялык бейпилдик күчтөрүнүн жоопкерчилик зонасында чыңалуунун күчөгөнүн көрүп жатабыз", - деген Пашинян.

Өз кезегинде Путин Армениянын премьер-министри экөөнүн ортосунда ар дайым талкуулай турган суроолор бар экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан