Коргоо министри Бекболотов КМШ мамлекеттеринин коргоо ведомстволорунун жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Кыргызстандын коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов 9-декабрда Москвада өткөн ШКУга жана КМШга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынына катышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун катышуучулары эл аралык коопсуздукту камсыздоо, аймактык стабилдүүлүктү сактоо жана аскердик чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышкан.

"Коргоо ведомстволорунун жетекчилери аскердик чөйрөдө өз ара ишенимди бекемдөө, тең укуктуулук, урматтоо жана өз ара кызыкчылыктарды эске алуу принциптерине негизделген аскердик кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан