Түштүк Кореянын Сеул шаарында 8-жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк лидерлик жаштар программасы (8th Youth Global Leadership program) жыйынтыкталды. Аталган программанын алкагындагы иш-чаралар 6-декабрда старт алган. Ага Таиланд, Монголия, Индонезия, Грузия, Филиппин жана Кыргыз өлкөсүнөн келген активдүү жаштар катышты.
Программанын алкагында өтүлгөн окутуулар
Алты күнгө созулган программанын алкагында Азия өлкөлөрүнөн тандалып келген жигердүү жаштарга Кореянын тарыхы, өнүгүү динамикасы, бизнес жана лидерлик сапат темаларындагы лекциялар өтүлдү. Катышуучуларга бир нече өлкөлөрдөн чакырылган спикерлер ийгиликке жетүү жолдору тууралуу баяндап, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле Кыргызстандын маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков программанын катышуучуларына адамдын өзүнө болгон ишеними, лидерлик сапат тууралуу кеп кылып, жаштарды билим алууга үндөп өттү.
2 күн бою, тактап айтканда 6-7-декабрда өтүлгөн лекцияларды катышуучулар менен спикерлердин ортосундагы талкуулар, суроо-жооптор жана түрдүү конкурстар коштоду. Муну менен ал жерде айтылган ар бир маалымат жаштар үчүн пайдалуу жана кызыктуу болду деп айтууга негиз бар.
Сеул калаасында кыргыз күүсү жаңырып...
Иш-чаранын алкагында программага катышып жаткан мамлекеттердин (Монголия, Индонезия, Грузия, Таиланд, Филиппин жана Кыргызстан) жаштары өз өлкөлөрүнүн маданиятын тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анда Кыргызстандан барган активдүү жаштар комузда, ооз комузда кол ойнотуп, обондуу ыр ырдап, кара жорго бийин аткарышты. Муну менен алар залды шаңга бөлөп, чет элдик коноктордун кыргыз маданиятына болгон кызыгуусун арттырып, атүгүл көңүл борборунан орун алууга дагы жетишти.
Программанын катышуучуларын сыйлоо
Окутуулар аяктаган соң уюштуруучулар тарабынан программанын ар бир катышуучусуна салтанаттуу түрдө сертификаттар тапшырылды. Сыйлоо аземине Кыргызстандын Кореядагы ардактуу консулу Ким Жон Гу мырза, АСС'нин Кореядагы өкүлдөрү, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, АСС'нин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев катышып, азем чакан концерттик программа менен коштолду.
Кореяда кыргыз элчиси менен жолугушуу
Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова кыргыз жаштары менен жолугушууда тажрыйбасы тууралуу ой бөлүшүп, келечек ээлерин эмгекчил болууга чакырды.
"Өзүңөрдүн күчүңөр менен жакшы жыйынтыкка жете аласыңар. Кимдир бирөөгө же тааныш-билишке таянуунун кереги жок.
Адам кайсы гана кызматка барбасын аракет кылып, тажрыйба топтошу абзел. Азыр тил үйрөнүүгө дагы көп мүмкүнчүлүктөр бар. Тил билүү эң негизгиси", - деп жаштарга кеңешин айтты.
Ошондой эле элчи айым учурда Кореяда расмий түрдө 7877 Кыргыз жараны каттоодо турарын, мезгилдик жумушка иштөө үчүн Кореяга келген кыргызстандыктар келишим аяктай электе качып кетүүдөн алыс болуп, ишке жоопкерчилик менен мамиле кылууну өтүндү. Анын айтымында, чет жерде бир гана Кыргыз жаранынын мыйзамсыз жоруктары бардык кыргызстандыктарга кедергиси тийип калышы мүмкүн.
Эмоцияларга бай экскурсиялар
Программанын жүрүшүндө чет элдик жаштарга Кореянын тарыхый жайы Кёнбоккун көрсөтүлдү. Мындан тышкары катышуучулар Seoul City Hall (Сеул шаардык мэриясы), 63 Sity, Korea Expressway Corporation (Акы төлөнүүчү жолдорду көзөмөлдөгөн Түштүк кореялык корпорация) сыяктуу көрүнүктүү жайлары менен таанышып, эстеликке сүрөткө түшүүгө дагы жетишти.
АСС'нин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев аталган программага катышуу шарттары, талаптары тууралуу кеп кылды. Айтымында, англис же корей тилдеринде эркин ой жүгүртө алган, ошондой эле ыктыярчылык иштерге активдүү катышкан ар бир студент программанын катышуучусу боло алат.
Дүйнөлүк лидердик программасы Азия жаштарынын лидерлик сапатын өрчүтүүгө колдоо көрсөтүү максатында Азия кайрымдуулук программасы "Дүйнөлүк лидерик программасын" өткөрүп турат. Бул программага Индонезия, Таиланд, Вьетнам, Монголия, Филиппин, Грузия өлкөлөрүнүн жигердүү жаштары катышып келет. Кыргызстан аталган программага биринчи жолу 2015-жылы катышкан. Андан бери жалпы 3 жолу жана коронавирус илдетинин айынан 2 жолу онлайн катышты.
Кыргызстандын атынан Түштүк Кореяда өтө турчу саамалыкка бара турчу жигердүү жаштарды Азия кайрымдуулук борборунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тандайт. Катышууга кызыктар болгондор англис же корей тилдеринде эркин ой жүгүртүп, өз оюн айта билүүсү жана коомдук иштерге жигердүү катышуусу керек. Ошондой эле окууларында игйиликтерге жетүүсү абзел. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, программага Азия кайрымдуулук борборунун иштерине жигердүү катышып келген ыктыярчыларына жана аталган борбордун степендианттарына артыкчылыктар берилет.
Аталган программага катышкан жаштар ийгиликтерди жаратып келүүдө. Маалымат, маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков да аталган программанын катышуучусу. Убагында катышуучу катары барса, 8-жолу өтүп жаткан саамалыкка спикер катары барды. Башка жаштар дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырып келүүдө.
Дүйнөлүк лидердик программасына катышкан кыргыздын жигердүү жаштары ой пикирлери менен бөлүшөт.
Сүйүнаалы Жакыпов
8-дүйнөлүк лидерлик программасына катышкан жаштардын жигердүүлүгү эң мыкты деңгээлде болду деп айта алам. Жалпы 6 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан программада кыргыз жаштары өздөрүн ар тараптуу көрсөтө алды. Семинар, тренингдерде, маданий иш-чараларда активдүүлүгү жогорку деңгээлде болду. Маданиятыбыздын көрөңгөсүн башка мамлекеттерге таанытууга болгон күч аракетибизди жумшадык. Атүгүл, кыргыз жаштары Кореяда өткөргөн убакыт аралыгында кыргыз тилин башка мамлекеттин өкүлдөрүнө аз да болсо үйрөтүүгө жетишти. Программадан алган тажрыйбаларымды өлкөбүздүн өнүгүүсүнө колдоном деген ой-максат менен келдим.
Төлөнбай Таалайбеков
Түштүк Корея - жери кичине, эли көп жана кызыктарга бай өлкө экен. Алсак, Сеулдун өзүндө эле 6 миллион калк жашайт. Кызыгы завод, фабрикалар аябагандай көп болсо да абасы таза. Экологияны сактоо жагынан алардан үлгү алышыбыз керек. Анан дагы Кореяда бардык кызматтар санарипке өткөн. Кайсы гана жерине барба камералар бар. Ууру дегенди жолуктурбайсың деп айтышты. Технология жагынан алда канча эле алдыда экен. Кээ бир кафелеринде робот официанттар тейлесе, кээ бир дүкөндөрдө сатуучулар жок. Адамдарга болгон ишеним жогорку деңгээлде өнүгүптүр. Эми айта берсе сөз көп...
Биз да эми өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толукташыбыз керек. Ал үчүн биринчи кезекте билим алуу. Көп окусак гана көп иш жасай алабыз. Кореяда биринчи орунда маданияты, экономикасы болсо, экинчи орунда карапайым калкы турат. Ал эми үчүнчү орунда саясатчылар, аткаминерлер турат экен. Биздин маданият тармагы эң сонун деңгээлде. СССР учурунда Орусия, Украинадан кийин эле маданият боюнча 3-орунда турганбыз. Эми биз IT технология боюнча алдыга чыгышыбыз керек деген жыйынтыкка келдим.
Арген Дарманов
Корея укмуштуудай өлкө. Мен үчүн программа эң сонун таасирлерди калтырды. Анткени Кореянын аймагы Кыргызстандан 2 эсе кичине. Ошого карабай мамлекет кыска убакыттын ичинде экономика (Ички дүң продукция ИДП) боюнча дүйнөдө тогузунчу орунга чыга алды. Кантип деген суроо жаралат?
Ал эми Корея тууралуу лекцияларды укканыбызда, экскурсияларга барганыбызда алар билимге канча инвестиция жасары, канчалык мээнет кылары билинди. Бардык жерде тартип, эрежелер так сакталганын жана ал жакта атаандаштык күчтүү экенин көрө алдым. Жумалык программанын аркасында көп нерсени үйрөндүм.
Айдай Токтосунова
Youth Global Leadership программасынан көп нерсени үйрөнө алдым десем болот. Аларды санап өтсөм: Көптөгөн жаңы маалыматтарды, күчтүү мотивацияларды алып, ошол эле учурда жаңы досторду таптым. Филиппин, Грузия, Монголия, Индонезия жана Таиланддан келген студенттер менен баарлашуу аркылуу англис жана корей тилдерин жакшы практика кылууга шарт түзүлдү. Ушунун баарына жол ачып берген АСС'нин командасына жана мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирип кетем!
Асел Курманкулова
Дүйнөлүк лидердик жаштар программасындагы лекциялар мен үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду. Биринчиден жашоого керектүү маалыматтарга ээ болдум. Анын негизинде ар бир мүнөт сайын өнүгүп жаткан технология, жашоого ыңгайлуу шарттар, өнүгүү жолунда Кореянын басып өткөн тарыхый жолу боюнча көп маалыматтарды биле алдым. Ошондой эле корей тилин практика кылууга ыңгайлуу шарт түзүлдү. Алынган маалыматтар менен тажрыйба топтоп, башкаларга көмөк көрсөтүү максатым бар.
Шайырбек Сапарбаев
Программанын жүрүшүндө Кореянын тарыхы, инфраструктурасынын өнүгүүсү, бизнес план жөнүндө маалыматтарга ээ болдум. Буга удаа эле лидерлерге тиешелүү сапаттар, алардын сүйлөө, өзүн алып жүрүү маданияты айтылды. Мындан тышкары Кореянын бай жарандары, алардын ишмердүлүүгү жана ийгиликтери жөнүндө дагы сөз болду. Жеке көз карашымда бизнес планды түзүү (How to plan Business Proposal) боюнча өтүлгөн семинар жогорку деңгээлде болду десем жаңылышпайм. Лекциялар кызыктуу, ал эми экскурциялар жагымдуу эмоцияларга бай болду. Жалпылап айтып өтсөм Кореянын баш калаасынын тазалыгы өзгөчө жакты.
Нурболсун Тургуналиев
АСС'нин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө 2016-жылы волонтёр болуп кошулуп калдым. Ал жакка барып калганыма группалашым себепчи болгон. Азыркы убакка чейин уюмдун иштерине катышып турам. Быйыл Кореяда жаштардын эл аралык программасына катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Кореядан үйрөнчү, ала турчу нерселер өтө көп экен. Сеул шаары мыйзам талаптарын так аткарылганы, жашоого ыңгайлуу шарттардын түзүлгөнү, көчөлөрдүн тазалыгы менен эсте калды. Дагы бир кызыктуу жагдай, ал жакта көчөлөрдө таштанды таштай турчу урналар коюлбайт экен. Ар бир жаран таштандыны үйүнө алып барып, иргеп андан соң гана чыгаруу эрежеси бар.
Биздин өлкөдө "коопсуздук шаар" унаалардын кыймылын көзөмөлдөп, айып пул салыш үчүн эле. Башка кызмат аткара албайт. Ал эми Кореяда "коопсуз шаарды" ала турган болсок, ар бир кыймыл көзөмөлдөө турат экен. Тактап айтканда, ал жакта өзүңдү коопсуз сезе аласың.
Белгилей кетсек, программанын алкагында уюштурулган иш-чаралар 12-декабрда аяктады.
Эске салсак, "Азия балдарына камкордук" (ASIA CHARITI CENTER) фонду - билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык уюм болуп саналат. Аталган уюмдун филиалдары Индонезия, Таиланд, Филиппин, Вьетнам жана Кыргызстанда бар. Уюм 2001-жылы Кореяда негизделген болчу. Жогорудагы уюмдун Кыргызстандагы филиалы 2012-жылдан бери жигердүү түрдө иш алып барууда.