10-декабрда Ош шаарында футбол академиясын түзүү комплексине кире турган "Алай" футболдук клубунун машыгуу жана кичи футбол аянтчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясынын төрагасы Тимур Абдуллаев, "Алай" футбол клубунун директору Улан Алымканов, машыктыруучулар жана футболчулар катышты.
Катышуучулар машыгуу талаасынын ачылышы менен "Алай" клубунун негизги жана резервдик курамдары үчүн жыл бою машыгуу үчүн шарттар жакшырарын белгилешти. Белгилей кетсек, бул жерде стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу, анын ичинде трибуналардын астындагы жайларды оңдоо, кийим алмаштыруучу жайларды жана болочок академиянын жаш футболчуларын даярдоо үчүн класстарды ачуу иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, душ бөлмөлөрүн оңдоо аяктап, көптөн бери биринчи жолу чыгыш жана түндүк тарабындагы трибуналардын аягы ремонттолду. Оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн медициналык кабинет пайдаланууга берилип, кир жуучу жай ачылды.