Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл округундагы Калдарбай Салбанов атындагы негизги мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу райондук мамадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ө.Текебаев, С.Нышанов, М.Бакиров жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Долдоевдин демилгеси менен Түрк мамлекетинен бөлүнгөн гранттын эсебинен 38 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, 7-декабрда жогоруда аты аталган депутаттардын жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Н.Женалиев, район акими Т.Долдоевдун катышуусунда курулуш иштери башталды.
Мектептин курулушу 2014-жылдын 1-сентябрына карата бүткөрүлөт.