Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын рейтингинде кайрадан биринчи орунга чыкты. Мындай маалымат абанын сапатын текшерген World Air Quality сайтына жарыяланды.
Бүгүн, 11-декабрь саат 13:00гө карата Бишкекте абанын сапаты өтө зыяндуу экени көрсөтүлдү. Бул адам өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындай кырдаалда сыртка бет кап менен чыгуу, үйдө аба тазалагыч колдонуу жана бардык терезелерди жабуу сунушталат.
Рейтингге ылайык, Бишкекте абанын сапатынын индекси 288 (AQI) баскычын көрсөттү. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуш кылган абанын сапаты боюнча орточо жылдык көрсөткүчтөн 46,7 эсе жогору.