Быйыл өлкөдө азык-түлүктүн баасы 13,5 пайызга өстү

Быйыл өлкөдө жыл башынан бери керектөө баалары 13,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Анын ичинде:

- ичимдик жана тамекинин баалары – 21,7 пайызга,

- тамак-аш азыктары жана суусундуктар – 14,8 пайызга,

- азык-түлүк эмес товарлар – 11,4 пайызга,

- калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 8,4 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын эң жогорку өсүшү (15,8 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин бааларынын башка региондорго салыштырмалуу эң көп (43,3 пайызга) кымбаттаганы менен шартталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан