Араванда мектеп өрттөндү

Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагында жайгашкан Гүлбаар атындагы №48-орто мектебинен өрт чыкты. Бул тууралуу 8-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 7-декабры күнү, кечки саат саат 21:48де аталган мектепте өрт кырсыгы катталган.Өрттүн кесепетинен мектептин 240 чарчы метр чатыры, 6 окуу классы, коридорунун 40 чарчы метри, 20 даана парта, 40 даана стул, 7 даана терезе жана 10 даана пластик эшик күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө №64-ӨКБнөн 1 бөлүм, №12-АӨКБнөн 1 бөлүм жана айыл тургундарынан 50 адам тартылып, 2013-жылдын 8-декабры күнү саат 00:45де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн чыгуу себеби, андагы класстарды жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшүнөн улам болгон. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан