Бишкек ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6 миллиард 700 миллион доллар грант сурады

Кыргызстан ыш көйгөйүн чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан 6 миллиард 700 миллион доллар грант сурады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

"Өлкөдө энергиянын альтернативдүү булактарын жайылтуу керек. Бул багыт боюнча долбоорлор иштелип чыкты. Аларды ишке ашыруу үчүн каражат талап кылынгандыктан өтүнмө уюмга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Бишкекте абадагы зыяндуу заттардын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Toxa76
2022-12-12 21:16:00
Сразу 6 миллиардбы?бул жагы эркекче сура болуптур го
+1
Аkjol18
2022-12-13 00:24:00
Жыгылсаң төөдөн жыгыл,болуптурго бул жагы.
+1
Аkjol18
2022-12-13 00:28:00
6 эмес 60миллиард алсаңарда татыктуу пайдаланбаса ,1тыйынчалык пайдасы жок. Кадр маселесин чечкиле,маңкурттар. 5миллионго.проекти баштап,бүткөнчө 15миллионго айланган проектерди салбай
+1
Аkjol18
2022-12-13 00:34:00
Мен мисал үчүн 2жылдан бери РФда ГЭСтерди ремонт кылып иштеп жүрөм. 49%акциялары менчик экен. Бизде деле жаңы миниГЭСтердин акцияларын өзүбүздөгү байларга сатса болот ар кимден акча сурабай,ички ресурсту пайдаланыш керек.
+1
Asmat84
2022-12-13 23:05:00
Кыргызстандын тышкы карызы 6 млрд доллар болуп кызыл чекке жетип турат деген сайын кайра карыз алабыз дейт го могу чимкириктер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан