Бүгүн, 13-декабрдан 14-декабрга караган түнү Катардагы "Лусаил" стадионунда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы жарым финалдык беттеши өтөт.
Бүгүнкү оюнда Түштүк Америкадан келген Аргентина менен Европадан келген Хорватия курама командалары финалга чыгуу үчүн беттешишет.
Аргентина курама командасы Нидерланды менен болгон акыркы беттешинде күйөрмандарынын гана эмес, оюнчуларынын да маанайын бузду. Бирок Лионель Месси 2014-жылы ишке ашыра албаган кыялын эми ишке ашырууга эки гана кадам калды.
Хорваттар чейрек финалда негизги фаворит бразилиялыктарды турнирден четтетишти. Беттештин дээрлик бардыгын Хорватия чабуул жөнүндө ойлонбой, коргонууда гана болуп, беттеш аяктаарына 3 мүнөт калганда бир гол киргизишкен. Мындай чыдамкайлык аларга бул жолу жардам береби?
Көптөгөн спорттук басылмалар бул Дүйнө чемпиондугу "Алтын топ" ээлери Лука Модрич менен Лионель Мессинин карьерасындагы акыркы Дүйнө чемпиондугу болуп калышы мүмкүн экенин жазышууда. Дегенибиз, кийинки футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2026-жылы АКШда өтөт.
2026-жылы Лионель Месси 39га чыкса, Лука Модрич 40тан ашат.
Дүйнө чемпиондугу, жарым финал: Аргентина - Хорватия;
"Лусаил" стадиону (Лусаил шаары, Катар);
Башкы калыс: Даниэле Орсато;
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.