Чүй облусунун Аламүдүн районунда сасык тумоодон улам төрт мектеп карантинге жабылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, сасык тумоодон улам окуучулар сабакка келе албай калышкан. Мындан улам Аламүдүн районундагы Лебединовка жана Төмөнкү Ала-Арча айылдарындагы төрт мектеп карантинге жабылды.
Акыркы күндөрү Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүүдө.