Сокулукта 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголду

Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Тахмина Айдарбай кызына издөө салат. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тахмина 9-декабрь күнү саат 11:00дөр чамасында Сокулук районунун Ала-Тоо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, орточо дене түзүлүштөгү, кой көз, кара тору.

Кийимдери: кара түстөгү куртка, ак түстөгү жоолук, кара түстөгү бут кийим.

ахмина Айдарбай кызынын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу 0312 60-75-67, 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу) кайрылып коюңуздар", - деп жазылат билдирүүдө

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан