Кара-Көлдө жандандыруу бөлүмүндө жаткан подполковник Адил Молдоев тик учак менен Бишкекке жеткирилди

Кара-Көл шаарындагы ооруканада жаткан подполковник Адил Молдоев тик учак менен Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Адил Молдоев реаниматолог жана нейрохирург дарыгеринин коштоосунда атайы тик учак менен Бишкек шаарына жеткирилди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Улуттук госпиталынан келген дарыгерлер жерине барып, бейтаптын абалын кароо жалпы дарыгерлер менен өткөн экинчи ирет сүйлөшүүдө тик учак менен алып кетүүгө боло тургандыгы тууралуу чечим чыгарышкан.
Тик учак саат 14:50дө Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шарынан учуп чыгып, саат 16:10до Бишкек шаарына конуп, учурда "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып кетишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан