Нурланбек Шакиев Түштүк Кореянын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэни кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

"Нурланбек Шакиев 2021-жылы Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Соктун Кыргызстандагы иш сапары учурунда бир катар маанилүү демилгелер талкууланганын белгилеп, өзү да жакынкы аралыкта Кореяга расмий иш сапары менен барарын билдирди. Ошондой эле парламенттин ишин санариптештирүү жаатында көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Корея эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз кылды", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда мындан сырткары, түз аба каттамдарын ачуу, Кыргызстанга инвестиция тартуу жаатында сунуштар айтылды.

Өз кезегинде Түштүк Кореянын элчиси Ли Вонджэ жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Корея үчүн Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи. Элчи катары соода-экономикалык байланыштарды арттыруу жаатында да жигердүү иш алып барып жатканын айткан Ли Вонджэ эки мамлекет ортосунда түз аба каттамын ачуу аракети жакынкы аралыкта ишке ашарына үмүт артарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан