Жирит - бул найзаны душманга жеткире атуу максатында пайда болгон оюн. Жаш жигиттер жирит таяктары менен ат үстүндө машыгып, өз ара күч сынашкан. Жирит башкача айтканда Чавганды түрк элдеринин муундан-муунга өтүп келе жаткан улуттук оюну десек болот.
Алпарслан менен Анатолияга кирип келген Жирит оюну кийинчерээк Европа жана Араб өлкөлөрүнө да тараган. XVII кылымда Осмон империясы жиритти согуш оюну катары кабыл алган. XIX кылымда бул оюн хансарайларда, ири аянттарда, той-маарекелерде, майрамдарда да ойноло баштаган.
Жирит оюну бүгүнкү күндө Түркиянын жер-жерлери, айыл-аймактары, ири, чакан шаарларында өтө популярдуу. Синоптогу айылдардан Газиантепке чейин,ошондой эле түндүк, түштүк, батыш жана чыгыш Анатолияда бул оюнга улак тартыш да кошулуп, ири жарышка айланып кетет. Жирит ойнолотурган аянттарда керней-сурнайлар чалынып, оюн улуттук духта өткөрүлөт.
Жирит оюнунда алты, жети кишиден турган эки команда жарышат. Тайпалар бет маңдай, бири-бирине карама-каршы жайгаштырылат. Команданын ар бир мүчөсү оң колуна найза, экинчи колуна жирит таягы менен кошо камчы алышат. Андан соң тайпадан бир атчан чыгып, оң колундагы таякты каршылаш турган командага ыргытат да өзү артка чегинет. Экинчи тайпадагылардан бирөө таякты илип алып, качып жөнөгөн атаандашын көздөй ыргытат. Ал эми биринчи тайпа катарына дагы бир мүчө чыгып, найзаны кармаганга аракет кылат. Бул учурда экинчи команданын мүчөсү ордуна кайтат.
ЖИРИТ ОЮНУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ
Жирит оюну ак сызыктар менен бөлүнгөн 120х40 метр аянтта ойнолот. Оюн 35 мүнөттүк, 2 бөлүмдөн турат. Оюн аянтчасынын узундугу болсо 32 метр, туурасы 40 метрди түзөт. Жирит таягынын узундугу 110 сантиметрден кыска болбошу керек.
Ар бир тайпада 7 атчан болушу зарыл. Оюн топтолгон балдарга карата жыйынтыкталат.
Жирит оюну бүгүнкү күндө Түркиянын Эрзурум, Эрзинжан, Ушак, Байбурт, Анқара, Маниса, Карс, Сивас жана Малатя облустарында да популярдуу болуп, спорттук оюндардын сап башында турат.