Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратуу аракети болууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-декабрда SUPER.KG порталына эл өкүлү өзү ырастады.
Өмүрбек Бакировдун айтымында, Бишкек шаардык административдик соту анын депутаттык мандат алуусунун мыйзамдуулугун кароо чечимин чыгарды. Буга Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер, Бакировдун атаандашы Равшан Рысбаевдин БШКнын 2021-жылдагы чечимин жокко чыгаруу боюнча сотко арыз менен кайрылганы себеп болгон.
"Бишкек шаарынын административдик соту мыйзамды одоно түрдө бузуу менен, бир жыл мурда болуп өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын кайра кароого жана ыңгайсыз депутаттардын мандатын алып коюуга жол ачып берди! Бул аракет менен мындан ары өздөрүнө жакпаган кайсы депутатты гана болбосун мандатынан ажыратып коюуга жол ачылууда. Мыйзам боюнча шайлоо өткөндөн кийин үч күндүн ичинде даттанууга болот, шайлоо өткөндөн кийин бир жылдан соң чечим кабыл алынат деген практика дүйнөнүн эч бир жеринде жок. Мындай тарыхта болгон эмес!", - деди эл өкүлү.
Буга чейин Бакиров бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан.