Депутат мектептерди убактылуу онлайн окутууга өткөрүүнү сунуштады

Парламенттин бүгүнкү, 14-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов окуучуларды онлайн окутууга өткөрүүнү сунуштады. Ал буга учурда окуучулардын арасында курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) менен ооругандардын саны көп болуп жатканын жүйө келтирди.

"Бир жуманын ичинде 15 миң адам ооруканага кайрылыптыр. Ошонун арасында үйүндө дарыланып жаткандары канча? 1500 бала, окуучулар ооруканада жатыптыр. Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо министрин, билим берүү жана илим министрин чакырып жооп алсак жакшы болот эле.

Мүмкүн болсо окуунун онлайн форматына өткөрүү керек. Болбосо убактылуу жаап туруу зарыл. Анткени оору бири-бирине жугуп, көбөйүп жатат", - деди эл өкүлү.

Белгилей өтсөк, баш калаадагы № 6, 60, 28, 54, 59, 72, 95 жана 103 мектептерде сабакка келбеген окуучулардын саны 20 пайыздан ашкан. Мындан улам онлайн окууга өткөрүү чечими кабыл алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан