Кыргыз каттамасы Абу Дабиден келген шейхтердин кызыгуусун арттырды. Бул тууралуу видеону блогер Адилет Ногойбаев Инстаграм баракчасына жарыялады.
Анда чет өлкөдөн келген шейхтер Боомдо каттама жеп, аны аябай жактырган жана каттама жасаган Лира апага күтүлбөгөн жерден үй-бүлөсү менен эки жумага Абу Дабиге эс алууга чакырганы айтылат. Учурда Лира апа Абу Дабиде каттама жасоо боюнча жергиликтүү ашпозчуларга мастер-класс өтүп жатат.