Кытайдын ЖОЖдорунда гранттык негизде окууга сынак узартылды

Кытайдын жогорку окуу жайларына гранттык негизде окууга сынак узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим мирнистрлиги билдирет.
"2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн сынакка катышууга өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 15-декабрына чейин узартылды", - деп айтылат маалыматта.
Каалоочулар http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасындагы “2023-2024-окуу жылында Кытайдын жогорку окуу жайларына кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди жүктөшү керек.
Шарттар жөнүндө толугураак - https://edu.gov.kg/announcements/165/
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан