Президент жаңы тик учактар кандай максатта колдонуларын түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-декабрда “Кабар” агенттигине маек берип, анда жакында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине алынган эки тик учак кандай максатта колдонуларын айтып берди.
Жапаровдун айтымында, аны ар кандай кырдаалдарда, мисалы, тез жардам катары дагы колдонсо болот.

"Бул жаңы тик учак өзгөчө кырдаалдар министрлигине сатып алынды. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн эле эмес, мамлекетибизге кандай кырдаалдарда керек боло турган болсо, ошондой учурларга дагы колдонулат деп турабыз. Маселен, тез жардам үчүн керек болуп калса, тез жардам катары колдонобуз. Бизде бай бизнесмендерибиз көп. Алар ижарага алып, мамлекеттин булуң-бурчуна учса болот. Чет өлкөдөн келген туристтер же өзүбүздүн жарандар деле ижарага алып, учса болот. Ошондо тик учак өзүн-өзү тез актайт.

Ушул жерде белгилей кетчү нерсе, тик учактарды мамлекет жеке жактарга ижарага берет экен деп трагедия жасаштын кажети жок. Мисалы, өткөндө бир ишкер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып, Чаткалга барып келсе, “ар ким той-топурга учсун деп алдык беле, бул тик учакты?” деп сындап чыккандар болду. Бул жерде тик учакты ижарага алып, төлөгөн акчалар мамлекетке түшүп жатканын түшүнүшүбүз зарыл. Башка жеке компаниялардан жалдап, каражат жеке жактарга түшкөнчө, мамлекеттин казынасына түшкөнү жакшы эмеспи. Андыктан, биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой-жүгүртүүдөн кетишибиз керек", - деди Жапаров.

Мындан тышкары, өлкө башчы тик учактар Баткен окуясында аскерлерди аман алып калууга жардам бергенин кошумчалады.

"Бирөө-жарымды куткарыш керек болсо, куткаруу иштерине да колдонобуз. Ага да мисал, өткөндө Тажикстан менен окуя болгондо мурдагы алган тик учагыбызды колдонуп, тоо арасында адашып кеткен аскерлерибизди издеп жүрүп, куткарып алдык. Тик учак болбогондо, алар кандай күндү көрүшмөк, ким билет. Эки күн дегенде араң таптык. Тик учактын пайдасынан башка зыяны жок", - деди президент.

Сөзүнүн соңунда Жапаров аскердик тик учактардын баары оңдолгонун, Орусиядан жаңы жылдан кийин дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан