Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, таңкы саат төрттө шаарды кыдырарын айтты.
Эл өкүлү Ырысбек Атажанов мэрге "Сиз жумушка келатканда шаарды кыдырасызбы же түз эле жумушка келесизби?" деп суроо салды.
"Мен сөзсүз шаарды кыдырам. Кыдырмак турсун, эртең менен саат төрттө суу себүүчү машиналар ишке чыгат, саат беште көчөлөр шыпырыла баштайт. Мен алардын кээ бирлери менен жолугам, спорттук форманы кийип алып. "Эмне проблема болуп жатат, канча айлык алып жатасың, жетекчиң кандай болуп жатат?" деп сөзсүз сурайм", - деп жооп узатты мэр.