Кыргыз-кытай чек арасындагы посттордун иш тартиби өзгөрдү

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү жайларынын иштөө тартибине айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
"Ушул жылдын декабрь айынан тартып аталган өткөрүү жайлары күн сайын, ошондой эле ишемби жана жекшемби күндөрү да иш алып барылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда "Торугарт" менен "Эркечтам" пункттарында Кытайдан чыккан жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын гана кыймылын камсыздай турчу өзгөчө алгоритмге жараша иш алып барылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан