Бүгүн, 16-декабрда "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылдык балаты жандырылат. Бул тууралуу калаа бийлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чара саат 18:30да башталат.
Белгилей өтсөк, балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилди. Аны “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери орнотушту.