Соңку суткада сасык тумоо менен 9 миңге жакын адам катталды

Акыркы суткада курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоонун 9382 учуру катталды. Маалыматты Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кабарлады.

Билдирмеде айтылгандай, кечээ, 16-декабрда оорунун 8 730 учуру катталган.

Сасык тумоо жана коронавирус инфекциясы сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу үчүн төмөнкүдөй жөнөкөй эрежелерди сактоо керек:

  • бет кап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
  • дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду салфетка менен жабуу;
  • дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезген убакта жана сасык тумоого окшош белгилери байкалган адамдарды өз убагында изоляциялоо;
  • санитардык-гигиеналык иш-чараларды сактоо (колдун гигиенасы, бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетүү, нымдап тазалоо ж.б.);
  • суукка чалдыгуудан жана тердеп кетүүдөн сактануу;
  • балдарда курч респиратордук инфекциялардын симптомдору пайда болсо, айыкканга чейин мектепке же бала бакчага жибербөө жана дарыгерге кайрылуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан