Жапаров: "Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо башталат"

Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо башталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы 16-декабрда тараткан маалыматында, мындай чечим Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапардын жыйынтыгына тийиштүү экени айтылат.

"Ошондой эле бажы инфраструктурасын модернизациялоону баштайбыз. Келерки жылдын 1-февралына карата бардык товардык агымдарга талдоо жүргүзүлүп, 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бажы чөйрөсүн модернизациялоо программасы сунушталат.

Президенттин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында 9 келишимге кол коюлуп, өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында тиешелүү документтер каралды", - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал "AD Ports Group" менен макулдашуунун алкагында кыргыз тарапка KEZAD (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi) эркин экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жер бөлүнгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан