Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев оорудан улам каза болду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына жазды.
"Мага мындай кабарды актёрдун жубайы кабарлады. Азиздин акыркы суранычы анын сөөгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюу болуптур. Мен өлкө башчысы Садыр Жапаровдон суранам. Себеби аталган көрүстөнгө Эл артисттеринин гана сөөктөрү жерге берилет экен", - деп жазды Молдокматова.
Белгилей кетсек, Азиз Мурадиллаев 44 жашта болчу.
Эске салсак, театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат 3-декабрда тараган болчу. Ал эми операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар керек эле. Садыр Жапаров Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берген.