Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюла турган болду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына жазды.
"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин сөөгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюу маселесин чечүүгө көмөктөшкөнү үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем", - деп жазды ал.
Азырынча актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан болору айтыла элек.
Буга чейин Молдокматова "Азиздин акыркы суранычы анын сөөгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюу болуптур. Мен өлкө башчысы Садыр Жапаровдон суранам. Себеби аталган көрүстөнгө Эл артисттеринин гана сөөктөрү жерге берилет экен", - деп жазган.
Эске салсак, Азиз Мурадиллаев жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат 3-декабрда тараган болчу. Ал эми операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар керек эле. Садыр Жапаров Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берген.
1978-жылы туулган Мурадиллаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.