Дүйнөдө эң алгачкылардан болуп курулган Түркиядагы Чаталхёюк аймагы тууралуу кызыктар

Түркиянын байыркы Конья шаарындагы тарыхый аймактар менен тааныштырууну улантабыз.

Бул ирет биз Дүйнө жүзүнө белгилүү Чаталхёюк тарыхый аймагына бардык. Бул жерде мындан 9 миң жыл мурда курулган имараттардын калдыктары бар. Археологдор Чаталхёюк тарыхый аймагы мурда чакан шаарча болгонун аныкташкан.

Бул тарыхый аймак Конья шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жерге келген туристтердин саны дагы арбын. Чаталхёюк тарыхый аймагындагы имараттар эшик-терезеси жок курулган. Анда жашаган адамдар үйлөрүнө чатыр аркылуу киришчү. Ошол эле кезде бул чакан шаарчадагы үйлөр душмандан коргонуу үчүн чеп катары колдонулчу. Үйлөр ушунчалык жакын болгондуктан алардын ортосунда өтмөк жок болчу. Мындан улам көпчүлүк адамдар бири-бири менен чатыр аркылуу катташышчу. Жалпы аянты орточо 23 чарчы метр, бирок 11ден 48 чарчы метрге чейин өзгөрөт. Ошол эле учурда чоң үйлөрдүн дубалдары сүрөттөр менен кооздолгон. Сүрөттөр эмне себептен тартылганы дагы деле белгисиз. Имараттар бир гана кабат болгон. Негизги бөлмөдө очок, отургучтар, чатырга чыгуу үчүн тепкич тамак-аш сактагычтар болгон.

Ошол эле убакта бул тарыхый аймактагы үйлөр мүрзө катары дагы колдонулган. Тагыраагы, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири каза болгон болсо, анын сөөгү үйдүн жер төлөсүнө эле көмүлчү. Ал эми үйдө жакындары жашай беришчү. Археологдор бир эле үйдүн жер төлөсүнө 68 адамдын сөөгү көмүлгөндүгүн аныкташкан.

Чаталхёюк тарыхый аймагы эки өзүнчө дөбөдөн турат. Археологдор бул шаарчанын калкынын саны 3 миңден 10 миңге чейин, ал эми үйлөрдүн саны 2 миңге жеткен деп эсептешкен. Бул шаарчада жашаган адамдар негизинен мал-чарбачылыгы менен алектенишкен.

Учурда дагы жыл сайын жай айында археологдор бул тарыхый аймакты изилдөөнү улантып, жаңы маалыматтарды чогултууга аракет кылып келишет.

Бул пресс-тур Түркия Маданият жана Туризм министрлигине караштуу Туризмди Өнүктүрүү Агенттиги (TGA) тарабынан уюштурулду. Ыраазычылык билдиребиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан