Акылбек Жапаров Бишкектеги штамптоочу заводдун бир катар өндүрүштөрү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасындагы өндүрүштүк жайларды кыдырып, чыгарылган продукциялар менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

"Акылбек Жапаров "Кыргызтопчу" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты, анда сыдырма жана топчу чыгаруучу өндүрүштүк линияны уюштуруу аркылуу тигүү буюмдарын чыгаруу жолго коюлган, мындан тышкары мык өндүрүү боюнча - "Кыргызтемирмык", эсептөөчү техниканы жана микроэлектрониканы, көп функционалдуу приборлорду чыгаруучу "Кыргызэлектроника", үй куруу панелдеринин толук ассортиментин чыгаруучу "Кыргызбетонкурулуш" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун иши менен таанышты. Ал өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү максатында "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомун каржылоо алкагында башталган долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин чечими менен заводдун өндүрүштүк цехтери өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруу, ошондой эле республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык маанидеги долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомуна убактылуу пайдаланууга берилген. Заводдун аймагында "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому ишке ашырып жаткан бир катар долбоорлор иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан