Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан, кайда өтөрү маалым болду

Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-декабрда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 19-декабрда саат 10:30да өзү өмүрүн арнаган Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюла турганы маалым болгон.

Эске салсак, Азиз Мурадиллаев жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат 3-декабрда тараган болчу. Ал эми операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар керек эле. Садыр Жапаров Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берген.

1978-жылы туулган Мурадиллаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан