Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаев президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Ал абактан жазган катында үй камагына чыгарууну же болбосо сот иштерин тездетүү тапшырмасын берүүнү суранган.
Мындан сырткары актёр күнөөсүз экенин, зордуктады деген жалган жалаа экенин белгилеген.
"Менин сиздерге кайрылуу кат жазып жатканымдын себеби, ушул жылдын 29-мартында чет элдик жаранды зордуктады деген жалган жалаа, күнөөсүз айып менен камакка алынгам. Мага коюлган айып жалган жалаа болгондуктан, сот менден эч кандай айып таба албагандыктан, ишти кайрадан башынан баштап тергөөгө карап чыгуу чечимин чыгарды", - дейт актёр.
Мамаев ага бир тараптуу айыптар тагылып, 9 айдан бери камакта отурганын билдирген. Тергөө мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын белгилеген актёр ага карата тиешелүү кызматкерлер тарабынан шылдыңдоо, акча талап кылуу фактылары да болгонун айткан.
"Менин күнөөм болуп, кылмыш жасасам, ушул убакка чейин кесилип кетмек элем. Бирок эч кандай күнөө же кылмыш таба албай кайра башка сотко, башка тергөөчүгө жөнөтүп, ушул убакытка чейин мени мыйзамсыз камап отурганына мен түшүнбөй жатам. Мындай түшүнүксүз мамиле менин жанымды кыйнап бүттү. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен ушул убакытка чейин сот адилеттүү болот деп ишенип элиме, сизге кайрылбай турайын деп ойлогом, бирок сабырым түгөндү", - дейт актёр.
Чыңгыз Мамаев ден соолугу начарлаганын, анын камакта калуусу үй-бүлөсүнө да таасирин тийгизгенин кошумчалаган.
"Мен ушул убакка чейин бир дагы жолу мыйзам бузган эмесмин. Учурда менин саламаттыгым дагы начарлап, ооруп жаткан кезим. Бул жалган жалаа үй-бүлөмдүн аброюна да кесепетин тийгизип, келинчегим микро инсульт. Кызым жүрөк оорусуна кабылды. Кыргыз маданияты үчүн алдыда зор кызматым бар эле. Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Кайрылуу катымдын аягында менин сот иштерим аягына чыкканча өз көзөмөлүңүзгө алып, мени үй камагына чыгартууңузду же сот иштерин тездетип, аягына чыгартып берүүңүздү өтүнөт элем", - дейт Мамаев.
Эске сала кетсек, белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип ушул жылдын март айында кармалган. Ага карата 155-берененин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандап, актёр 30-августка чейин камакка алынган. Андан бери соттук отурумдар улам жылдырып келген.