Өлкөдө соңку аптада (28-ноябрдан 4-декабрга чейин) COVID-19дун 13 жаңы учуру аныкталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктуруп алган жарандардын ичинен: 2 бейтап - ооруканага жаткырылган, 11и - амбулатордук дарыланууда.
27-ноябрдан 4-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.