Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин ишеним телефонунун номери өзгөрдү. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты.
Билдирмеде айтылгандай, бүгүн, 19-декабрдан тарта жарандар +996 999 312 002 номерине кайрылса болот.
"Ишеним телефону күнү-түнү Кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча билдирүүлөрдү (тексттик, үн, фото жана видео форматтарда) кабыл алуу, консультация берүү боюнча иштейт", - деп жазылат маалыматта.