Белгилүү футболчу Криштиану Роналду аргентиналык футболчу Лионель Мессини жеңиши менен куттуктады. Роналду Мессинин футбол талаасында ойногону бардык атаандаштарын таң калтыра турганын билдирген. Мындай пикирин футболчу Инстаграмдагы баракчасына жайгаштырган.
"Бул жигиттин ойногону бардык атаандаштарын таң калдырат. Бул финалда мен көптөгөн бразилиялыктарды жана дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы адамдар Мессини колдогонун көрдүм. Дүйнө чемпиондугунун жылдызы эле эмес, бүтүндөй бир доордун капитаны болгон генийге татыктуу коштошуу", - деп жазган Роналду.
35 жаштагы Месси эң мыкты оюнчу деп да табылды. Аргентиналык футболчу турнирде 7 беттеш өткөрүп, 7 гол киргизген.
Эске сала кетсек, Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Аргентина командасы жеңишке жетишкен.