Аргентина футбол боюнча Дүйнө чемпиону болду. Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Франция менен Аргентина курама командалары беттешти.
Аргентина пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде Францияны утуп, дүйнө чемпиону аталды.
Ал эми биринчи таймда Аргентина эки гол киргизди. Беттеште биринчилерден болуп, Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси пеналтиден алгачкы голду киргизип эсеп сандарын ачты.
Ал эми оюндун 36-мүнөтүндө аргентиналык жарым коргоочу Анхель Ди Мария экинчи голду киргизди.
Бирок экинчи таймда франциялыктардын чабуулчусу Килиан Мбаппе эки мүнөттүн ичинде эки топ киргизип, эсепти теңеди.
Андан соң негизги оюнга бөлүнгөн убакыт аяктап, командаларга кошумча убакыт берилди.
Анда Месси үчүнчү голду киргизсе, оюндун 118-мүнөтүндө Мбаппе кайрадан эсепти теңеди. Эсеп 3:3.
Оюнга пенальтилер сериясы чекит койду. Анда 4:2 эсебинде Аргентина жеңишке жетишти.
Финалдык оюн "Лусаил Айконик" стадионунда өттү.
Эске сала кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпионаты Катарда 20-ноябрда башталган. Бүгүн, 18-декабрда жыйынтыкталды.
Турнирге жалпы 32 команда катышты.