ӨКМ: Кыргызстандын айрым унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

2013-жылдын 8-декабрынан 10-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100- чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы зарыл. Бул туурасында бүгүн, 9-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан