Депутат Мирлан Самыйкожо Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун аталышын Турдакун Усубалиев деп өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 21-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Анда депутат "Биринчи Май районун өлкөбүздү 24 жыл башкарган жана мрамордон шаар курам деген максаты, милдети бар Турдакун Усубалиевдин атын ыйгарсак жакшы болот эле. Муну тургундар менен да талкууга коюу керек. Анын негизинде "мен кыргызмын" деген инсандар сунушка каршы болбойт деген үмүттөбүз" деди ал.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев аталган сунушту эске алып, жергиликтүү бийликке сунуштарын билдирди.
Эске салсак, 25-ноябрда өткөн Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын тез арада өзгөртүүнү сунуштаган.