Ош. Мелис Мырзакматовду колдоо митингинде 7-декабрда кабыл алынган резолюция

Ош шаарында Мелис Мырзакматовду колдоо митингинде 7-декабрда кабыл алынган резолюция төмөндө.

 

Кыргыз журтчулугу эгемендүүлүктү колуна алгандан берки кыска тарыхый мезгил ичинде дүйнөлүк аренада өзүнүн мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, эл-жеринин бүтүндүгүн сактоо үчүн эки жолку бийлик алмашууну башынан өткөрдү. Бийлик алмашылды деген менен андагы «кой терисин жамынган карышкырлар» дале болсо борбордук бийликти айланчыктап жан сакташып, бирок мурдагыдай эле жийиркеничтүү саясаттарын жүргүзүп келүүдө.  

Өзгөчө соңку жылдар аралыгында бийликтин ырын ырдабаган М.Мырзакматов сыяктуу нукура элдик лидерлерге жана «ыңгайсыз» атуулдарга карата күрөш ылгап-тандоо өңүтүндө жүрүп, саясий коррупцияга кенен жол ачылды. Мунун кесепетинен чыныгы эл уулдарын түрдүү айла-амал менен каралоо, кызматтардан четтетүү, саясий куугунтуктоо оюну кеңири кулач жайып баратат. Ушундай кыйын кезеңде, катаал кырдаалдарда азыркы бийликтин ойлонулбаган жана акылга сыйбаган сокур кадамдары калың журттун олуттуу нааразычылыктарын жаратып, өлкөнүн бир катар аймактарында нааразычылык митингдерге чыгуусун шарттоодо. Андыктан ордолуу Ош шаарында да "Улуттар биримдиги" элдик саясий партиясынын лидери М.Мырзакматовду колдоо боюнча он миңдей адамдардын катышуусу менен өткөрүлгөн митингдин катышуучуларынын атынан төмөндөгүдөй мазмунда резолюция кабыл алынды:    

1. Жакында өтө турган Ош шаарынын мэрин шайлоо алдында "Улуттар биримдиги" элдик саясий партиясынын айрым депутаттарына, тактап айтканда, Ош шаардык кеңешинин депутаты, дүйнөнүн жана республиканын беш жолку чемпиону Шайлообек Атазовго жана партиянын дагы башка активдүү мүчөлөрүнө, карата бийликтер тарабынан көрсөтүлүп жаткан кысымдарга, күч колдонууларга жана саясий куугунтуктарга жол берилбесин.          

2. Жоону чаба тургансып, органдардын курал-жарактуу миңдеген кызматкерлерин тизип, элди коркутуу жана жарандардын эркин сындыруу максатында антимитинг уюштуруу үчүн ДНД түзүү шылтоосу менен спорт клубдарынын балдарын элге каршы коюу, атайылап провокация жасоо үчүн күч органдары тарабынан атайын даярдалган мыйзамсыз аракеттер тез арада токтотулсун.  

3. Бүгүнкү бийлик мамлекеттин күч органдарын: милицияны, прокуратураны, сот органдарын, коопсуздук жана аскер кызматын өзүнүн саясий ыпылас кызыкчылыктарында карапайым журтка каршы колдонуусун токтотсун.         

4. Ош шаарынын мэрин шайлоо өнөктүгүндө бийликке жасакерленип, кошоматчылык кылуу аракеттери аркылуу Ош шаарынын стабилдүүлүгүнө, жалпы коопсуздугуна өз кедергисин тийгизип жаткан Ош шаарынын жана областтык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы С.А. Өмүрзаков бүгүндөн баштап ээлеген кызмат ордунан четтетилсин.      

5. Алдыда боло турган Ош шаарынын мэрин шайлоо өнөктүгүн мыйзам талаптарына ылайык эл алдында ачык жана таза өткөрүүнү камсыз кылуу бийликтер тарабынан суралсын.  

6. «Кумтөрдүн» эл кызыкчылыгында иштеши үчүн адилеттикти талап кылып келген Саруудагы карапайым элдин буга чейин аткарылбай келген талаптарына колдоо көрсөтүлсүн. 

7. Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлсүн жана ага карата тергөө иштерине саясий боёк сүртүүгө жол берилбесин. Ал эми Камчыбек Ташиевди саясий куугунтуктоонун артынан анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына жасалып жаткан жалган жалаа, жасалма «иштер» бийликтин уятсыздыгы жана абийирсиздиги катары белгиленсин.  

8. Эгерде укук коргоо органдары, прокуратура жана  соттор тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын карапайым жарандардын укуктарын одоно бузуу менен элге каршы чечимдер кабыл алынса, анда алар эл тарабынан жокко чыгарыларын жана эл өз чечимдерин чыгарууну колго алууга мажбур болорун эскертебиз.     

9. Оштогу ж.б. аймактардагы саясий абалдар туурасындагы КТРК, ЭлТР, 5-канал ж.б. жергиликтүү айрым каналдар, радио аркылуу бир тараптуу жана туура эмес маалыматтар чыгарылып, таркатылып жаткандыгына жол берилбесин.     

10.Бүгүнкү аткаруу бийлиги ашкере саясат менен алектенбестен, от менен ойногонду токтотуп, кышка карата даярдыкты көрүү, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо, газ, отун-суу, жылуулук ж.б. маселелерди чечүүгө негизги милдети болгон – алдыда турган аракеттерин көрсүн.

«Улуттар биримдиги» элдик

саясий  партиясы.

Ош шаары, Борбордук аянт, 2013 жыл.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан