Нурланбек Шакиев "Бийлигиңе түкүрдүм" деген Адахан Мадумаров жообун аларын айтты

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кундузбек Сулайманов депутат Адахан Мадумаровдун айткан сөзүн сынга алды.

"Урматтуу коллегалар, эртең менен бир коллегабыз чыгып "Мен бул бийликке түкүрдүм" деди. Бул бийликте биз дагы барбыз, демек, бизге дагы түкүрдү болуп калдыбы? Төрага, сиз жетекчи катары тартипке чакырып койсоңуз, сүйлөгөндө дагы абайлап сүйлөш керек. Бизди эл карап турат", - деди Сулайманов.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев Адахан Мадумаров өзүнүн жообун ала тургандыгын белгиледи.

"Тилекке каршы, ал сөз болгондо мен бул жерде жок элем. Болгонумда сөзсүз өзүмдүн жообумду бермекмин. Азыр ал киши жыйында жок. Буюрса, татыктуу жообун беребиз", - деди Шакиев.

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров "Бийлик камактагы 5 аялдан коркуп жаткан болсо, бул бийлигиңе түкүрдүм" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Саман
2022-12-22 17:07:00
Адахан мен жана менин үй бүлөөмүн атынан сенинда бетиңе түкүрдүм.
-1
bond0202
2022-12-22 18:23:00
Трибунада туруп депутатты сскей деп соксо унчукпай эле калдынар элего коркуп.эми кыйын болбой эле койгула
+3
Lev79
2022-12-22 18:40:00
Жакында баарың жообуңарды аласыңар көт жаламалар Садырыңар баш болуп
+3
Datka7777
2022-12-22 19:21:00
Эненерден тушуруп соксо бир далбан унчуга албайсынар
+2
make2
2022-12-22 19:43:00
Мадумаров азамат беттерине айтты, бу пахтакорлорлоду ким шайласа кыргыздын ичтен чыккан душманы
0
Mashyrbek
2022-12-22 21:25:00
make2 Мадумаров Баткенде торт кочону кол койуп тажике жер селердики дегенигеда маладес дейсинби
-1
make2
2022-12-23 01:10:00
Mashyrbek Жер саткандай атасынан калган огород беле, ойлонуп жазчы, жерди эч ким саталбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан