Бишкектеги мектептерде карантин узартылды

Бишкек шаарындагы мектептерде карантин мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылды. Мындай чечим сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыктан улам кабыл алынган.

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлагандай, борбордогу окуучулар 28-декабрга чейин аралыктан билим алышат.

Белгилей өтсөк, буга чейин өлкөдөгү окуучулар 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан