Өткөн сутка ичинде Бишкек шаардык "Тез жардам" станциясына 533 чакыруу келип түшкөн. Бул туурасында бүгүн, 9-декабрда аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка караганда, чалуулардын 403нө тез жардам кызматы барышып, 98 адам ооруканага жеткирилген. Ошондой эле 3 биологиялык өлүм катталып, алардын ичинен 30 жаштагы аял жана 45 жаштагы эркек асынып алышкан.