Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчикке өткөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл районунда мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында жазылат.

Билдирмеге таянсак, жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган.

"2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын менчигине Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган. Анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген", - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан