Министр Кочкордо кармалган милиция кызматкерлери боюнча үн катты

Кочкордо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн калкалап, чара көрбөгөн милиция кызматкерлери жоопко тартылат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 26-декабрда жол-унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча онлайн кеңешмеде билдирди.

"Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор РИИБинин башчысы, керек болсо Нарын ОИИБинин жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан.

Азыркы учурда Кочкор РИИБинин башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынышты. Кочкор районунун Айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалагына чейин конкреттүү чаралар көрүлөт. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процессин жүргүзөбүз", - деди министр.

Ошондой эле Ниязбеков жакында кадрдык ротациялоо иштери жүрөрүн кошумчалады.

"Кызматтык шалаакылыкка, кылмышка аралашууларга жана ички иштер органдарынын жалпы ишмердигине доо кетирүү учурларын болтурбоо үчүн, жакынкы арада, ар бир ички иштер бөлүмдөрүн, башкармалыктарын деталдуу карап, кадрдык ротациялоо ишин жүргүзөбүз. Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек деген принцип биз үчүн эң жогору сапат болушу керек.

Бир жыл бою айтып, көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт бердик, эми боло турган коллегияда ар бир шаардык-райондук ички иштер бөлүмүн, аларга жооп берген башкармалыктардын ишмердигине даректүү бааларды беребиз. Кемчилиги чачтан көп, көйгөйү түгөнбөгөн жетекчилер менен коштошобуз, муну ачык айтып коёюн. Акыйкаттыктан эч ким качып кутулган эмес. Иши начар, уюштуруу деңгээли төмөн, жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандар, өз алдынча чечим чыгарып, коллегияга чейин рапортун жазып кете беришсе болот.

Кемчиликтерди көзгө көрсөтүп, талаптарды коюп, аларды чечүүгө убакыт бергенбиз. Эми мындан ары катуу чечимдерди кабыл алабыз",- деди Ниязбеков.

Эске салсак, буга чейин Кочкордо кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалганы маалымдалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан