Кочкордо кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалды

Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталгандай, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу” боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ага ылайык, кечээ, 24-декабрда Кочкор айылында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Ш.Н.О, А.Ы.А., Б.О.Н. О.Ч.О. кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалды.

"Ушул жылдын 7-ноябрында уюшкан кылмыштуу топтун жогоруда аталган мүчөлөрү Кочкор районундагы кафелердин биринде болушуп, мекемени өрттөйбүз деп коркутуу жолу менен ай сайын 1000 доллар берип турууну ээсинен талап кылышкан. Ошол эле учурда алар эсепти төлөөдөн орой баш тартышкан. Ал эми мекеменин кожоюну мушташкандарга чара көрүү өтүнүчү менен милициянын "102" номуруна чалган.

Окуя болгон жерге келген нөөмөт тобу бул адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрүшкөн эмес. Алар тартип сакчыларына көңүл бурбастан, кафенин ээсине «айлык белги» бербесе өрт коём жана зордуктайбыз деп коркутууну улантышкан. Окуяга күбө болгон милиция кызматкерлери ошол жерден баары чыгып кетишкен.

Алар уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбек менен, ошондой эле укук коргоо органдарында жана ички иштер органдарында байланышы бар экенин айтып, мекеменин кожойкесин эки саат бою шылдыңдаганын улантышкан. Бирок кайра-кайра чакыруудан кийин РИИБинин башчысы милициянын капитаны А.А.М., участкалык инспектор милициянын ага лейтенанты М.у А. К.А. жана АТСтин нөөмөт кызматынын сержанттары аларды басууга аракет кылышкан.

Милиция кызматкерлеринин талабын аткарбай, уюшкан кылмыштуу топтун бул мүчөлөрү ПОМдун башчысын көчөгө алып чыгып, кол алдындагылардын көзүнчө сабап, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Белгилей кетсек, кылмыш ишин тергөө учурунда Кочкор РИИБнин жетекчилиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Ошол эле учурда нөөмөт кызматына бул окуяны журналына жана оперативдүү протоколдоруна киргизбөө боюнча көрсөтмө берүү менен болгон окуяны жаап-жашыруу аракеттери документтештирилген. Ошол эле учурда РИИБнин жетекчилиги кызматтык абалынан пайдаланып мекеменин ээсин тиешелүү органдарга кайрылбоого бир нече жолу көндүрүүгө аракет кылышкан", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алардын ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми Кочкор РИИБнин кызмат адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кылмыш жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу, шалаакылык жана кылмышты жашыруу сыяктуу аракеттерине карата тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан