Кыргызстанда 500 миң ит документке ээ болот

Кыргызстанда 2014-жылдан баштап ветеринарлар иттер үчүн каттоо карточкаларын даярдоону баштайт. Муну Айыл чарба министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү 9-декабрда билдирди. Маалыматка таянсак, иттерге 500 миң карточка даярдалат. Улуттук статистикалык комитети өлкөдө ушунча колго кармалган ит бар экенин маалымдайт. Карточка А6 кагазына буклет формасында жасалып, иттердин өмүрүнүн аягына чейин жарамдуу болот. Ага иттин абалы жөнүндө: дегельминтизация, кутурмага каршы эмдөөдөн өткөн же өтпөгөнү сыяктуу маалыматтар жазылмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан