Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-декабрдагы жыйынында депутат Марлен Маматалиев ун кымбаттайт деген маалымат боюнча маселе көтөрдү.
Эл өкүлү президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, аталган маселени Жогорку Кеңештин эртең, 29-декабрдагы жыйынында кароону сунуштады.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарында ун кымбаттайт, анын артынан нан кымбаттайт экен деген маалыматтар айтылып жатат. Эртең парламенттин дагы бир жыйыны (ред.: 2022-жыл аягындагы) бар. Эгерде кошумча нарк салыгына өзгөртүү киргизе турган болсо эртең күн тартибине киргизип карап койгонго биз даярбыз", - деп кайрылды эл өкүлү.
Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүүлөр болгонун кошумчалады.
"Эртең күндүн экинчи жарымында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келет. Бул жерде ушул суроолорго жооп берип кетет", - деди төрага.
Буга чейин жаңы жылдан баштап буудайдын баасы 12 пайыз, ун 14-15 пайызга кымбатташы мүмкүндүгү айтылган. Ага ун комбинаттарында дандын жана ундун запасы аз экени жүйө келтирилген. Ал эми 27-декабрда министрлер кабинетинен төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин маалымдап, азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралып жатканын билдирген болчу.